Понедельник, 25 ноября

Кыргызстандын энергетикалык мүмкүнчүлүгү азайууда

0

Энергиянын кайра жаралуу булактары Кыргызстанга инвесторлорду тартуунун жаңы жолдорун ачат. Бул үчүн энергиянын кайра жаралуу булактарын жана өлкөдөгү кичи гидроэнергетиканы өнүктүрүү маселелерин камтыган мыйзам долбоорун ишке жүзүнө ашыруу керек. Бул тууралуу 2-сентябрдагы маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев билдирди.
Айтымында, Кыргызстандын жылдан жылга энергия менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү 10 пайызга азайып, мамлекет бизнес талап кылган электр энергияны бөлүп бере албай келет. Мындан улам долбоордун энерго тармакка, деги эле экономикага пайдасы чоң.
Эксперт Марат Усуповдун айтымында энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдаланууга багытталган мыйзам долбоору 2008-жылы кабыл алынган, анткен менен ал иштеген эмес.
Өткөн жылы президент Сооронбай Жээнбеков өнөр жайды өнүктүрүү боюнча комиссия түзүп, өнөр жайды өнүктүрүү үчүн чакан ГЭСтердин маанилүүлүгүн баса белгилеген. Мына ушундан кийин, аталган долбоорго өзгөртүү киргизүүнүн үстүндө атайын эксперттер тынымсыз иш алып барып, ал кабыл алынган. Ага ылайык, долбоорду ишке ашыруу үчүн өкмөткө үч айлык мөөнөт берилген. Долбоордо энерго тармактын саясатын жүргүзгөн мамлекеттик органдын алдында республиканын аймагындагы энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдаланууну көзөмөлдөгөн орган түзүү керектиги жазылып, бажы жана салык кодектерине өзгөртүүлөр киргизилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз