Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдой саясатчылар жаштарга тарых болуп калат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Жалал-Абад облусундагы Акман айылында сүйлөп жатып билдирди.
“Акыркы бир айда Кыргызстанда эки чоң саясатчынын үйүндө саясий окуялар болуп жатат. Биринчисинде элди чогултуп, вальска түшүрүп, ырчыларды ырдатып, бука, жылкы союп, элди жасалма жол менен болсо дагы чогултуп, бирок колдоо таба албай койду. Ал эми Акманда кечээтен бери кошуналар отургучун, төшөгүн, чынысын көтөрүп келип жатышат. Чыныгы карапайым элдин колдоосун мен ушул жерден сезип турам”, — деди Жанар Акаев.
Ал Текебаев менен Чотоновдун эрктүүлүгүн жаш саясатчыларга үлгү кылды:
“Өмүрбек Текебаев абакта жатканда жагалданып, кечирим сурап, иттик менден кетти, мындан кийин сага кызмат кылам деп жагалданса болмок да, түрмөдөн чыкмак да. Бирок, ал анткен жок. Текебаев саясатта 30 жылдан бери жүрсө, биздин аралашканыбызга 3 эле жыл болду. Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотоновдордун принцибинен кайтпай, сөзүнө бекемдиги, көк жалдыгы бизге окшогон, бизден кийинки дагы саясатчыларга миң жылдап тарых бойдон кала берет”.
“Бардык саясий туткундар акырындан эркиндикке чыгып жатат. Акыркы соттук чечимдерден кийин, сот реформасына болгон ишеним пайда болду”-деп сөзүн жыйынтыктады Акаев.
Эскерте кетсек, бүгүн Өмүрбек Текебаев туулуп өскөн айылына барып, эл менен жоолугуп түлөө өткөрдү. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова Текебаевге сот кат жүзүндө 5-сентябрга чейин аймактарга барып келүүгө уруксат берген. 12-сентябрдан тартып анын иши кайра карала баштайт.