Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаевдин соту кайрадан 12-сентябрда уланат. Бул тууралуу Текебаев, Жалал-Абад облусуна караштуу Акман айылындагы эл менен болгон жолугушуу учурунда айтты.
“Биз, сиздер, атамекенчилер Текебаев менен Чотоновду актап жибергиле деп эч кимден талап кылган эмеспиз. Адилеттүү эл алдында кайра карап чыккыла, күнөөсү болсо кайра камагыла деп гана талап кылганбыз. “Элдин оозунда болсоң, Кудайдын кулагында болосуң” дегендей сиздер кайра- кайра айтып жүрүп Кудайдын кулагына жетти окшойт. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы түз аралаша албаганы менен саясий шарт түздү кыязданат. Сот бизди убактылуу чыгарып, үй камагына алды. 12-сентябрдан баштап сот иштери уланат. Апасы, туугандары менен жоолугуп келсин деп, 5-сентябрга чейин бул жака келгенге уруксат берди”, -деди.
Саясатчы сот адилеттүү болсо, чындык сөзсүз жеңерин белгиледи.
Учурда Текебаев кичи мекенинде, Жалал-Абад облусундагы Акман айылында жүрөт. Ал аймакка чыгуу үчүн соттон кат жүзүндө уруксат алган.
Текебаев менен Чотонов 29-августта үй камагына чыгарылган.