Гонконг полициясы кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы чыккандарга кайрадан күч колдонду. Мунун кесепетинен Айленд жана Коулун Сити райондорундагы дээрлик бардык метро менен байланышкан станциялар жабылып, 60га чукул автобустук маршруттардын кыймылы токтотулду.
Ири шаардагы кыймыл дээрлик жабылган. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары Монг-Кок, Принц Эдвард жана Квун Тонг станцияларынан полиция кызматкерли нааразычылыка чыккан бир нече адамды кармап кеткенин жазды.
Ал эми Ваньчай районунда 10дон кем эмес демонтсранттар кармалганы айтылууда. Акциянын катышуучулары “Анадолу” агенттигине: “Райондун жетекчилери демонстранттардын талабын аткарбай, шаар тургундарынын пикирине маани бербей жатат, аларды бир гана Кытайдын бийлигинин көз карашы кызыктырат”- деп билдирген.
Айта кетсек, Гонконгдо айыпталган же соттолгондорду Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору парламентке 3-апрелде жөнөтүлгөн. Ошондон бери бул аймакта нааразычылык акциялары байма-бай орун алып, демонстранттар менен полиция кызматкерлери кагылышууда.
Мыйзам саясий кылмыштарга жайылбайт деп жазылганы менен шаар тургундары мыйзамсыз камоолорго, адилетсиз соттук териштирүүлөргө туш болушу ыктымалдыгын айтып кооптонушууда.