Гонконгдогу миңдеген студенттер жана окуучулар сабакка бойкот жарыялап, каршылык акциясынын катышуучуларын колдоого алышты. Мындан улам жаңы окуу жылынын биринчи күнүндө эки жүз мектептин он миңдей окуучусу сабакка барган эмес.
Студенттер жана окуучулар бойкот жарыялаган убагы эки күндүк чоң иш таштоо жана митинг өткөрүү чакырыктарына тушташ болду.
31-август жана 1-сентябрда каршылык акцияларынын катышуучулары менен полиция кызматкерлеринин ортосунда эң ири кагылышты жаратты. Акциянын катышуучулары күйүүчү май бомбаларын ыргытышып, өрт коюшкан жана шаардык парламенттин имаратына чабуул жасашкан. А полиция көздү ачыштыруучу газ жана желим окторду колдонгон.
31-августта акциянын катышуучулары абамайданына барчу жолду тосушкан, анын айынан поезддер токтогон, а жүргүнчүлөр терминалга чейин жөө-жалаң катташкан.
Гонконгдогу саясий кризис үч айдан бери уланып келатат.