Понедельник, 25 ноября

«7-Апрель шейиттери» мечити камакка алынды

0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев салдырган мечит камака алынганы маалымалды. Башкы Прокуратуранын билдиришинче мындай чечимди Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту чыгарган.
Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан мечит үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде ачылган. Учурунда Атамбаев аны 7-апрель шейиттерине арнап салганын, жана өзүнүн жеке каражатын жумшаганын жар салган. Анткен менен Аскер прокуратурасы мечитке жумшалган акчанын чоо жайын териштирүүгө алат.
Айтка кетсек, мечит 2 гектар аянтка курулуп, ичине беш миңден ашык адамды батырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз