Кечээ кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө салык төлөөнүн мөөнөтү соңуна чыкты. Буга ылайык салык төлөбөгөндөрдүн моюнуна эми айып пул илинет.
Мамлекеттик салык кызматынын маалымдашынча жеке менчик ээлерине 2-сентябрга чейин убакыт берилген. Ошондой эле, учурунда салыктан кутулбагандарды, тагыраагы жеке адамдарга 1000 сом, ал эми юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүнө чейинки штраф салынаары алдын ала эскертилген.
Белгилей кетсек, жарандар салыктын бардык түрлөрүн банктардан, терминалдардан, интернет банкингден ошондой эле мобилдик тиркемеден төлөй алышат. Салыкты убагынан кечиктирбей төлөө боюнча эскертмелер бардык массалык маалымат каражаттарында байма-бай берилип келген. Ал тургай август айында тиешелүү кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барышканы айтылган.