Понедельник, 25 ноября

Илим Карыпбеков Путиндин саатын сурады

0

Коомдук биринчи каналдын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков Орусия президенти Владимир Путинден энчилүү саат сурады. Бул туурасында анын инстаграмм баракчасындагы видео кайрылуусунан угууга болот.
Кайрылууда Карыпбеков Путинден энчилүү саат сурап, ордуна Кыргызстандын мектептеринин биринде компьютердик класс ачып берүүнү убада кылган. Муну ал Владимир Путиндин атынан коюлган чокуга чыгып баратып саатын сындырып алганы менен байланыштырган.
“Урматтуу Владимир Владимирович Путин келиңиз мен сиздин атыңыздан Россиянын Кыргызстандагы элчиси көрсөткөн мектепти санариптештирип, компьютер менен камсыз кылып берем. Сиз болсо мага ордуна энчилүү саатыңызды белек кыласыз. Чоку укмуштуудай кооз экен. Бул биздин мамлекеттердин ортосундагы мамиленин, достуктун белгиси деп эсептейм. Мен интернеттин күчүнө жана сизге бул кайрылуу жетет деп ишенем”-дейт Карыпбеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз