Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл мигранттардын Кыргызстанга которгон каражаттары кыскарган. Экономисттердин айтымында өткөн жылы мекендештер майда 258 млн, июнда 251 млн доллар которсо, быйыл 190 млн жана 187 млн АКШ долларын которгон.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик миграция кызматы жыл башынан бери кыргыз мигранттары өлкөгө 100 миллион доллардан ашык каражат которгонун билдирген болчу. Ал эми өткөн жылдын жыйынтыгы менен мигранттар которгон каражат 2,6 млрд. долларды түзгөн. Расмий маалыматтар боюнча учурда 800 миңден ашуун Кыргызстандын жараны чет өлкөдө иштейт. Алардын 80 %ы Орусия, Түркия жана Кореяда.