5-6-класста окуган окуучулардын китептери кайрадан каталар менен басылып чыкты. Бул тууралуу интернет аймагында таркаган видеолордон улам белгилүү болду.
Видеодон маалым болгондой кайсы бир китепкана кызматкеринин телефонуна кат келген. Катта окуу куралдарында кетирилген каталарды жашыруу максатында, атайын даярдалып кыркылган барактарды чаптап чыгуу тапшырылганы айтылат. Ошондой эле, бул билдирүү сыртка чыкпашы керектиги жазылган. Анткен менен видео билдирүү интернетте кеңири жайылып, коомчулукта кызуу талкууга алынды.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары окуу куралдарындагы кетирилген каталардын саны арбып, Билим берүү министрлигине айтылган сын-пикирлер күчөдү. Бирок аталган мекеменин министри Гүлмира Кудайбердиева буга басмаканаларды күнөөлөп келет.
Өткөн аптада өкмөт башчы жыйын өткөрүп, анда Гүлмира Кудайбердиеванын дарегине бир топ дооматтарды келтирген. Өз кезегинде министр айым мындан ары китептердеги кетирилген каталар үчүн басмаканалар жооп берээрин билдирди.