Акыркы учурда республика аймагында жол кырсыктарынын саны кескин өсүп кеткен. Бул туурасында Жогорку Кеңештин тармактык комитетиндеги жыйындын жүрүшүндө белгилүү болду.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын жети ай аралыгында 3 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,6 пайызга көптүк кылат.
Белгилүү болгондой 2019-жылы жол кырсыгынан 300дөн ашык адам көз жумуп, 5 миңден ашык жаран жабыркаган.
Эскерте кетсек, ушул жылдын март айынан тартып Бишкек шаары менен Чүй облусунда «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашырылып, көчөлөргө видеокамералар орнотулган. Буга ылайык аталган аймактарда жол кырсыгы дээрлик 50 пайызга кыскарганы айтылды.