Воскресенье, 24 ноября

Кыргызстандын тышка байланыштары көбөйдү

0

Кыргызстандын Науру, Мозамбик, Сент-Винсент, Гренадиндер Кирибати, Кабо-Верде мамлекеттери менен кызматташуусуна жол ачылды.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык буга чейин биз дүйнөдөгү 200 дөн ашык өлкөнүн 107си менен дипломатиялык мамиледе кызматташып келсек, эми алардын саны дагы көбөйдү. Бул өз кезегинде өлкөнүн эл аралык абройун көтөрүп, айрым маселелерди чечүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтө алат.
Айта кетсек бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети аталган мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндөгү биргелешкен коммюникелердин долбоолорун жактырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз