Воскресенье, 24 ноября

Садыр Жапаровдун уулун сүзгөн бала видео кайрылуу жасады

0

Жогорку Кеңештин экс депутатынын баласын коюп кеткен жаран Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, аны кечиргенине ыраазычылык билдирип, уулунун ордуна бала болуп берүүгө даяр экенин айткан.
«Мен мото айдаган баланы коюп кеткениме өкүнүп гана калбастан саясатчынын үй-бүлө мүчөсү болууга, анын баласынын ордуна уул болууга даярмын. Менин жубайым анын келини болсун, кызым небереси болсун, мен алардын алдында карыздармын».
Ошондой эле ал ошол күнү азык-түлүк сатып алганы дүкөнгө чыкканын, жол кырсыгы кокустан улам болгонун айтып, Жапаровдун үй-бүлөсү аны кечиргенине, бир дагы жаман сөз айтпаганына ыраазычылык билдирген.
Эскерте кетсек, Дастан Садыр уулу мотоцикл менен баратып «Тойота» үлгүсүндөгү унаага урунуп, катуу жаракат алып, ооруканада эсине келбей каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз