Соң-Көл көлүндө кыргызстандыктар таштап кеткен таштандыны чет өлкөдөн келген туристтер тазалап жүрөт. Бул тууралуу депутат Тынчтык Шайназаров бүгүн, 4-сентябрда парламенттин жыйынында айтты.
Бүгүн Жогорку Кеңеште “2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
“Биз жакында Сөң-Көлгө барып келдик. Биздин жарандар таштандыларды туш келген жерге таштап салышат экен, алардын артынан чет өлкөдөн келген туристтер жыйнап жүрөт. Өлкөбүздүн экологиясына камкордук көрүшүбүз керек”, — деди депутат.
Аталган мыйзам долбоору Экономика министрлиги тарабынан демилгелеген, депутаттарга министри Санжар Муканбетов тааныштырды. Министр “Жашыл өсүүнүн глобалдык институтун уюштуруу жөнүндө Макулдашууга” кошулуу менен Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө чоң салым кошулаарын белгиледи.
Айтымында, Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун максаттары мамлекет жана жеке секторлордун ортосунда жана өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосунда өнөктөштүк мамилелерди орнотуу аркылуу өткөөл жана өнүккөн экономикасы бар өлкөлөрдүн экономикалык, экологиялык жана социалдык шарттарын түзүү жана жакшыртуу, ошондой эле экономикалык өсүүнүн жаңы үлгүлөрүн колдоо жана жайылтуу болуп саналат.