Кыргызстандын ири бизнесмендеринин баары капиталдарын чет өлкөлөргө чыгарып кетишти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңеште “2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорун Экономика министрлиги демилгелеп, депутаттарга министр Санжар Муканбетов тааныштырды.
Руслан Казакбаев Жашыл өсүш институтунун катчылыгындагы кызматкерлердин арасында Кыргызстандын жарандары бары-жогуна кызыкты. Ал ушундай суроо менен министрге кайрылды.
Санжан Муканбетов азырынча Кыргызстандын жарандары катчылыкка жете электигин, бирок маселе дагы иштелип жатканын билдирди.
Мындай жооп депутаттын нааразычылыгын жаратты.
“Иштелип жатат деген эмне? Бул маселени чечүү керек, болбосо Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо кыйындайт. Азыр инвесторлордун күчтүү агымы башка өлкөлөргө багытталып калганын билесизби? Биздин өлкөнүн ири бизнесмендеринин баары капиталдарын чет өлкөгө алып кетип жатышат”, — деди депутат.