Акыркы айларда Кыргызстанда инвестициялык климат начарлады. Мындай маалыматты Экономика министри Санжар Муканбетов парламент жыйынында депутат Руслан Казакбаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.
“Акыркы айларда — Кызыл-Омпол, Солтон-Сары кендеринде болгон окуялар, инвесторлор менен жергиликтүүлөрдүн ортосундагы келишпестиктер экономикага терс таасирин тийгизди. Инвесторлордун капиталдарын чыгарып кеткени дагы ушул кен казуу жайларындагы туруксуз абалга байланыштуу болуп жатат”-деди министр.
Өз кезегинде Казакбаев жакынкы арада бул маселени кароону күн тартибине киргизүү керектигин белгиледи.
Буга дейре Руслан Казакбаев Кыргызстандагы ири бизнесмендер капиталдарын чет өлкөлөргө чыгарып жатканын билдирген.