Кыргызстан Эл аралык «Глобалдык жашыл өсүш институн түзүү жөнүндөгү макулдашууга» мүчө болууну көздөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.
Өлкөнүн аталган уюмга кошулуусуна жол ача турган мыйзамдын долбоору парламентте талкууланып, өкмөттүн дарегине сындар айтылды. Маалымдалгандай аталган макулдашуу “2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлуп, ага 34 мамлекет мүчө болууга жетишкен. Орто азия мамлекеттеринин арасынан учурда Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Бир катар депутаттар долбоорду колдогону менен мамлекетке бөлүнө турган каражаттын максаттуу пайдаланышына ишенбөөчүлүктөрүн билдиришти. Ошондой эле, 2012-жылы түзүлгөн уюмга өкмөт дээрлик 7 жылдан кийин кирүүгө аракет кылып жатканын эскертишти.
Муканбетовдун айтымында макулдашуунун алкагында Кыргызстан жети приоритеттүү багытты тандап алган. Ага: абаны тазалоо, жашылдандыруу, таштандыларды кайра иштетүү сыяктуу экологияга байланышкан тармактар кирет. Кыргызстан уюмга өнүгүп келе жаткан мамлекет катары кирип жаткандыктан мүчө катары төлөнүүчү каражаттардан бошойт. «Глобалдык жашыл өсүш институ» өлкө тандап алган жети багыттын бир тармагына 40 миллион доллардын тегерегиндеги каражат бөлөт. Бул акчалар уюмга мүчө болгон өнүккөн мамлекеттердин салган акчасынын эсебинен төлөнүп берилет. Каражат анын курамындагы өнүккөн мамлекеттердин эсебинен каралат. Учурда институттун бюджетиндеги акча 1 миллиард долларга жеткени айтылды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.