Акыркы бир жылдан бери артынан ызы чуу ээрчиген Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева акыры кызматын тапшырды. Бул туурасында бүгүн белгилүү болду.
Белгилүү болгондой, кызматтан кетүү тууралуу арызды Кудайбердиева өзү жазган жана ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Айта кетсек, кечээ Башкы прокуратура 1-2-класстар үчүн математика китептерин сатып алууда Билим берүү жана илим министрлиги мыйзам бузууга жол бергенин билдирген.
Ошондой эле эки күндөн бери социалдык тармактарда Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар үчүн контейнерден куралган мектептин ачылышы жана ага катышкан чиновниктер катуу сынга алынган. Буга ылайык, Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева менен өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевдин дарегине катуу сөздөр айтылууда. Сүрөт жарыялангандан кийин коомчулукта Кеңеш айылына ашар жолу менен мектеп куруу максатында жарандар биригип каражат, курулуш материалдарын чогултуу башталган.