Воскресенье, 24 ноября

Садыр Жапаровго эмнеге амнистия колдонулбай жатат? 

0

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов пленардык жыйында Садыр Жапаров эркиндикке ушул убакка чейин эмнеге чыгарылбай жатканына кызыкты.
“Садыр Жапаровдун адвокаттары сотко амнистия колдонуу өтүнүчүн келтирип арыз жолдошкон. Бирок сот аны аткаруудан баш тарткан. Эмилбек Каптагаев да башпрокурор Өткүрбек Жамшитовго Жапаровдун ишин кайра кароого жиберүүнү суранып кайрылуу жасады. Каптагаев өзүн Жапаров барымтага албаганын жана Кенжебек Жумаев да жалган жалаанын негизинде соттолгонун билдирди”, — деди депутат.
Ал бардык эле соттолуучулар амнистия менен эркиндикке чыгып жатышканын белгилеп, мыйзамдын бул жеңилдиги экс-депутатка келгенде иштебей калып жатканына таңыркады.
“Садыр Жапаров парламентте отурганда Кумтөр маселесин көтөргөн. Ал депутаттык комиссиянын мүчөсү да болгон, кайра иштетүүнүн экологиялык зыянын ачык айтып чыккан. Инвестор менен мамлекеттин үлүшү боюнча толук иликтөө жүргүзгөн, бирок Атамбаевдин буйругу менен 11 жылга кесилип кеткендиктен анын аягына жетүүгө үлгүрбөй калды”, — деди Жамалдинов.
Жапаров Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча соттолгонун эске салган депутат Каптагаев сотто экс-депутатка эч кандай доосу жоктугун билдиргенине карабай жабырлануучунун айтканы шоона эшпей калганын баса белгиледи.
“Соттордун калыстыгы, акыйкаттуулук кайда? Жогорку Кеңешке соттор келишкенде мыйзам чегинде иштеп жатышкандыктарына ишендиришет, бирок парламенттен чыгышаары менен өздөрүнүн “мыйзамдарын” колдонуп башташат. Бүт Кыргызстан Садыр Жапаровдун күнөөлүү эместигин билет. Анда эмнеге ага амнистия колдонулбайт?” – деп сөзүн жыйынтыктады депутат.
Садыр Жапаров Каракол шаарында митинг уюштурууга айыпталган. Бардык инстанциядагы соттор аны 11,6 жылга эркинен ажыраткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз