Воскресенье, 24 ноября

Мектепке деген акчаны “ашаган” аткаминерлер

0

Кыргызстанга мектеп курууга Араб өнүктүрүү фонду 2016-жылы акча которгон. Бул тууралуу депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Айтымында, аталган фонд которгон каражат өлкөдөгү 30 мектепти эксплуатациялоого жетмек.
“Социалдык тармактарда контейнер-мектеп тууралуу кызуу талкуу жүрүүдө. Бул маселе кантип чечилет? Кандай чаралар көрүлөт? Араб фонду которгон каражат кайда кетти?” – деген суроолорду депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго жолдоду.
Ал ошондой эле аталган айылга мектеп курууну үч жылдан бери создуктуруп келген аткаминерлер жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгиледи.
Депутат Чыныбай Турсунбеков буга дейре контейнер мектеп Нарындагы жалгыз авариялык акыбалга кептелген билим берүү мекемесинин жүзү эместигин, ошол эле райондун Эмгекчил айылынын мектебинин дубалы кулай жаздап калгандыктан түркүк менен тиреп коюшканын билдирген.
Эске салсак, жакында Нарын районундагы Кеңеш айылында кадимки контейнерлерди улап жасалган мектептин ачылышы болгон. Ага жергиликтүү бийлик башчылары катышкан. Мектептин сүрөтү коомчулуктун үрөйүн учурду. Жаш муундардын ушундай шартта билим алып жатканына нааразы болгон карапайым эл өз чөнтөктөрүнөн акча чыгарып, ашар жолу менен Кеңеш айылына мектеп курууну демилгелешти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз