Воскресенье, 24 ноября

Кудайбердиеванын отставкасы көп сырдын жүзүн ачат

0

Билим берүү министрлигин жетектеген Гүлмира Кудайбердиеванын капысынан өз каалоосу менен отставкага кеткени жөн жерден эмес. Ал мындай кадамы менен коррупциянын жүзүн азыраак ачып койду. Мындай шек депутат Рыскелди Момбековдо жаралууда.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура жакында эле окуу китептеринин маселеси боюнча кылмыш ишин козгогонун жарыялаган.
Депутат министр айымдын отставкасынын эки себебин белгиледи:
“Ушул фактыларга көңүл бурууңуздарды суранат элем. Мага бир катар басмаканалардын жетекчилери “Учкун” ААКсынын башчысы Даир Кенекеев боюнча кайрылышты. Алардын 1-2-класстар үчүн орусиялык автордун математика китебин сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн тендердин мыйзамдуулугу тууралуу суроолору бар экен. Эмнеге кыргызстандык окуучулар орусиялык автордун китеби менен окушу керек?
Экинчиден каржылоо маселеси. Бул окуу китептерин сатып алууга республикалык бюджеттен 90 млн. сом бөлүнгөн. Бирок окуу китептин өздүк наркы 45 сом турат. Башкача айтканда, бюджеттен ашыкча алынган 45 миллион сом коррупцияга жол ачкан. Бул жерде жеке адамдардын кызыкчылыгы роль ойногон, ошондуктан министр отставкага кеткенге шашты. Бирок ал кечигип калды. Кызматын эртерээк тапшырышы керек болчу”, — деди депутат.
Ал бул окуя кийинкилерге сабак болушу үчүн Башкы прокуратура катыштыгы барлардын баарын жоопкерчиликке тартуусу керек деп эсептейт.
Кечээ, 4-сентябрда Гүлмира Кудайбердиева кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз