Жогорку Кеңештеги ар кандай маселелер саатында депутаттардын дээрлик көпчүлүгү Нарын районуна караштуу Кеңеш айылындагы контейнер мектеп боюнча маселе көтөрүштү.
Депутат Алтынбек Жунус уулу парламенттеги өкмөттүн өкүлүнө Нарындын аба ырайынын катаалдыгын эскертип, контейнер мектеп чукул кырдаалдан чыгуунун туура жолу болгонун, анткен менен көйгөйдү эртерээк чечүү маанилүү экенин белгиледи.
Ал эми Руслан Казакбаев «мектеп курбаган өлкө келечекте абактарды салууга мажбур болоорун», темир контейнерден салынган мектепти орнотуунун өзү өтө уят иш экенин айтты. Ошондой эле аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттын эсебинен маселени чечүүнү сунуштады.