3-сентябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа менен жолугушту. Жолугушууда Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасын ачууну тездетүү маселеси айтылды. Ошондой эле Түркияда квота менен дарыланган кыргызстандыктардын санын 100 кишиден 150 кишиге чейин кѳбѳйтүү жолдору да каралды.
Министр Фахреттин Кожа Кыргызстан жер тилкесин бѳлүп берсе Кыргызстанга диагностикалык борбор курушаарын билдирди.
Элчи менен министрдин жолугушуусунун жыйынтыгында Түркиядагы Кыргызстандан барган оорулууларга каралган кохлеардык имплант операциясын тездетүү жана кыргызстандык дарыгерлердин Түркияда стажировка өтүүсү макулдашылды.
Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы 2014-жылы медицина жаатында макулдашуу түзүлгөн. Ага ылайык жыл сайын Кыргызстандан 100 оорулуу Түркиядан акысыз дарыланууга мүмкүнчүлүк алган. Ушул жылдын май айында квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча протоколго кол коюлган. Алардын элүүсү Саламаттык сактоо министрлиги, калганы Түркия элчилиги аркылуу жиберилет.