Понедельник, 25 ноября

Атамбаев ооз ачпай жатат

0

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушун иликтеген тергөө кызматы ишин расмий жыйынтыктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык тергөө кызматы учурда жактоочуларды шектүү делгендерге тагылган айыптар менен тааныштырууда, андан соң иш сотко өтөт.
Бул иш боюнча шектүү катары өтүп жаткан мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында Алмазбек Атамбаев суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан. Учурда ага иш менен таанышууга убакыт берилген. Ошондой эле адвокат кылмыш иши 27 томдон тураарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Азиз Батукаевдин иши ушул жылдын январь айынан тартып жанданып баштаган. Анын негизинде алгач Батукаев айыккыс оорууга чалдыккан деп бүтүм чыгарган дарыгерлер, лаборатория кызматкери кармалган. Мындан тышкары ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова, ЖАМК жетекчиси Зарылбек Рысалиев баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү суралган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз