Коомчулуктун талкуусуна калып, Билим берүү жана илим министри Гүльмира Кудайбердиеваны кызматтан кетүүгө аргасыз кылган Кеңеш айылындагы контейнердин ордуна мектепти өкмөт өзү сала турганын жар салды.
Өкмөттүн аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиргендей темир контейнердин ордуна өкмөт өзүнүн күчү менен мектеп курат.
Айта кетсек интернет айдыңында ашар жолу менен аталган айылга окуу жайын куруу демилгеленип, кимдир бирөө курулуш материалдарын берем десе, кээ бири акчалай жардам кылууга даяр экендиктерин билдирип чыгышкан. Ал тургай мектепке делип атайын банктык эсеп дагы ачылганын жазышкан болчу.