Кыргыз улуттук университетинде “Экономикалык Изилдөө Борборунун Курулушу” долбоору иш жүзүнө ашты. Анын алкагында университетте бакалавр, магистратура жана докторантура студенттери үчүн сапаттуу эл аралык жогорку билим берүү, өнөктөш мекемелер менен онлайн көрүшүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири ачкан борбор курулуп, пайдаланууга берилди. Бул борбордо билим алуучулар конференция өткөрүшүп, дипломдук иш жакташат жана жергиликтүү башкармалыктардын Бишкекте болуучу жыйындарын да уюштурууга болот.
Университеттин Экономика факультетинин базасындагы “Экономикалык Изилдөө Борбору” Башкармалык тарабынан курулду. Бул борборго Жусуп Баласагын Кыргыз улуттук университетинде 25 жыл кызмат кылган, Жалал-Абад университетинде ректор болуп эмгектенген Кантөрө Шарипович Токтоматовдун аты берилди.
Анын ичине эмерек орноштурууда жана керектүү жабдыктарды менен камсыздоого ТИКА демөөрчүлүк кылды.
Борбордун ачылыш аземине Түркиянын Кыргызстандагы Элчиси Женгиз Камил Фырат, ТИКА Бишкек координатору Али Муслу, Кыргыз улуттук университеттин ректору Канат Садыков жана Түндүк Кипр Түрк мамлекетинин өкүлү, Бишкектеги Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору Себахаддин Балжы катышты.
Ошондой эле ачылыш конференция жыйыны учурунда Кыргызстандын Түркиядагы консулдугунун жетекчиси менен Анкарадагы университеттердин биринин ректору онлайн байланышка чыгып, сөз сүйлөштү.