Понедельник, 6 мая

Кыргыздын азаматтары тажиктер менен беттешет

0

Саналуу сааттардан кийин футбол боюнча Кыргызстан курама командасы менен Тажикстандын спортчулары бет келишет. Бул оюн 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо этабынын алгачкы туру. Беттешүүнүн алдында Кыргызстандын курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюндун алдында маалымат жыйын берип беттеш туурасында кеп салды.
Крестинин өзү жетектеген команданын даярдыгы жакшы экенин, спортчулар менен бирге каршылаштарынын күчтүү жактарын изилдеп чыгышканын жана оюн кызыктуу болоорун билдирди.
Ал эми Тажикстан курамасынын башкы машыктыруучусу Кыргызстандын курамасын тажрыйбалуу жана күчтүү команда деп атады.
Бул беттеш Крестининдин жетекчилигинин алдындагы топтун биринчи тандалма оюну. Экинчи беттеш туура бир айдан кийин Бишкекте өтөт. Анда улуттук курама Мьянманын командасы менен күч сынашат.

Башкы машыктыруучунун айтымында бул чечүүчү оюн эмес. Футбол күйөрмандары Кыргыз Тажик оюнуна туура саат 20:00 дө күбө боло алышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз