Воскресенье, 19 мая

ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестринин концерти өттү

0

Түрк Кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун биргелешкен ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестринин концерти Бишкек шаарында өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган камералык оркестр ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 27-туруктуу Кеңешинин чечими менен 2010-жылы түзүлгөн. ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестрине түрк тилдүү элдердин алдыңкы консерваторияларынын таланттуу бүтүрүүчүлөрү тандалып алынган. Бүгүнкү күнгө чейин, оркестр Европанын, Американын жана Азиянын 30дан ашык өлкөлөрүндө 60тан ашык концерттерди уюштурулуп, Эл аралык аренада белгилүү жамааттардын бирине айланганын министрликтен белгилешти.

ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестринин башкы өзгөчөлүгү – репертуарларынын негизги бөлүгү түрк тилдүү элдердин композиторлорунун чыгармаларынан түзүлгөндүгүндө.

Түрк Кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган концерт , Казакстан Республикасынын Туркистан, Шымкент жана Тараз шаарларында өттү, эми Азербайжандын Баку шаарында 9- сентябрь күнү тартуулайт. Аталган оркестр жалпы 7 концерт тартуулайт.

Эске салсак, аталган оркестрдин курамында Кыргызстандык Талантбек Молдоканов, Аккыз Идрисова, Нурай Жолбунова Айжан Канатбек сыяктуу талантуу жаштар бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз