Понедельник, 6 мая

Мушташка шектүүлөр өздөрү келишти, бул эмнени билдирет?

0

Бишкектеги аеосуз ур-токмокко шектелип жаткандар милицияга өздөрү келишти. Аларды кармоо үчүн эч кандай атайын операция өткөрүлгөн эмес. Шектүүлөрдүн укук коргоо кызматына келгендеги видеосу интернетке жарыяланды.
Эске салсак, Бишкек ШИИБи ыкчам-иликтөө иш чараларынын негизинде криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери качып кеткен шектүүлөрдүн изине түшкөнү тууралуу маалымат тараткан. Анын жыйынтыгында өлкө аймагынан шектүүлөр Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековдун кармалып, милицияга алынып келингени айтылган.
Бирок интернетке тараган видеодон Жаныбек Бапышов бир аял менен Бишкек ШИИБинин имаратына келгенин, эшикти такылдатканда эч ким ачпаганын көрүүгө болот. Бир канча убакыттан кийин гана эшик ачылып, шектүү эшик ачкан милиция кызматкери менен учурашып, ал болсо келген адамдын аты-жөнүн баракка жазып алган. Андан бир аз убакыт өткөндөн кийин экинчи шектүү Калысбек Сейитбеков да укук коргоо кызматына келип, милициянын кызматтык автоунаасына отурганы көрүнгөн.
Жакында Бишкекте катуу мушташ болгон. Эки жаран аеосуз ур-токмокко кабылышкан. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жабырлангандардын таламын талашуунун ордуна шектүүлөр менен бейгам сүйлөшүп турганы видеого тартылып алынган. Видео интернетке тарагандан кийин коомчулуктун нааразычылыгы жаралып, ал турмак ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин отставкасын талап кылган митинг да болуп өткөн.
Шектүүлөр ИИМди жетекчилеринин биринин тууганы экени да айтылган. Ошондой эле алар Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенин, бул кылмыш бети ачылбаган бойдон калаарын божомолдогондор да табылган. Премьер-министр Абылгазиев кабардар болуп, шектүүлөрдү таап тиешелүү жазасын берүүнү министр Жунушалиевге тапшырган.
Өкмөт башчысы окуя жетип, позициясын билдирери менен кылмышка шектүүлөрдүн милицияга өзү келе калганы шек жаратат. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлеринин колунда турган шектүүлөр заматта көздөн кайым болуп, бир канча убакытка чейин ың-жыңсыз кеткен. Анан эле министрдин отставкасы талап кылына баштаганда өздөрү күнөөсүн моюнуна алып келгени чын эле алардын белдүү таанышы башында калкалаганга аракет кылганынан кабар берген жокпу?

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз