Воскресенье, 19 мая

Нарын облусун эми ким башкарат?

0

Контейнер мектеп Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповду дагы кызматтан шыпырып түштү. Дегенибиз Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева да ушул кырдаалдан кийин кызматынан кол жууган болчу.
Маалымдалгандай Аманбай Кайыпов жумуштан кетүү арызын кечээ жазган, бирок облус жетекчилигинен кетүү себептерин ачыктаган эмес. Кайыповдун арызын өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алган.
Айрым маалыматтарга ылайык Кайыповдун ордуна Нарын шаарынын учурдагы мэри Эмил Алымкулов дайындалат, анткен менен азырныча бул туурасында расмий кабарлана элек.
Айта кетсек Аманбай Кайыпов бул кызматка 2013-жылы бекитилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз