Парламенттеги Кыргызстан фракциясынын депутаты Насыр Мусаев мандатын тапшырганы белгилүү болду. Бул тууралуу биздин сайтка Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Кабарлангандай Мусаев депутаттыктан ден-соолугуна байланыштуу баш тарткан.
Буга ылайык БШКнын бүгүнкү отурумунда Насыр Мусаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алынган. Белгилүү болгондой Мусаев арызды эки күн мурун жазган.
Ошондой эле БШКнын ушул эле жыйынында «Кыргызстан» фракциясынын кийинки тизмеси боюнча Бектен Сыдыгалиев деген талапкерге тиешелүү төш белги ыйгарылган.
Депутат мырза парламенттин жалпы жыйынында ант бергенден кийин, расмий түрдө ыйгарым укуктарын аткарууга киришет.