Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошогон Аманбай Кайыпов кайра эле Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Мындай чечимди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алганы белгилүү болду.
Айта кетсек, Кайыповдун облус жетекчилигинен кеткени туурасындагы маалымат 4 сентябрда тараган. Анын кызматын тапшыруусунун себеби ачык айтылбаганы менен, буга Кеңеш айылындагы контейнер мектеп жөнүндөгү окуя себеп болгонун социалдык тармактын колдонуучулары билдирип чыгышкан.