Ош шаардык мэрия Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин үстүнөн укук коргоо кызматтарына кайрылууга камынууда. Мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнөн билдиришкендей шаардын Новаи көчөсүнүн тротуары үч айдан бери казылган абалда турат. Бул Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияга жер алдынан жылуулук тартып кирүү үчүн казылган болчу.
Бирок арадан үч ай өтсө да иш же аягына чыкпады, же тротуар кайра калыбына келтирилбеди. Казылган жер шаар көркүн гана бузуп, жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратпастан ошол аймактагы соода түйүндөрүнө да терс таасирин тийгизүүдө. Мындан улам ишкерлердин да аталган министрликке нааразычылыгы күч болууда.
Мэриянын маалыматына караганда жылуулук киргизүүнү тендерден утуп алган компания менен филармониянын жетекчилигинин ортосунда түшүнбөстүк жаралган. Анын айынан тротуар казылган абалда калган.
Филармониянын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова менен байланышканыбызда ал: «Жылуулук алып келүүгө жер казылып башталган. Филармонияга жеткирүү үчүн «Алай» мейманканасына караштуу аймак аркылуу өтүш керек эле. Бирок мейманкана жерди казганга уруксат бербеди. Андыктан долбоор кайрадан түзүлүп атат», — деди.