Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде тергөө амалдары аяктады. Мындан улам мурдагы президент Атамбаевге 28 томдон турган кылмыш ишин таанышууга беришкен.
Адвокат Замир Жоошевдин айтымында кылмыш ишинин көлөмү чоң, ал эми аны менен таанышууга берилген убакыт аз.
«Тергөө амалдары аяктагандан кийин кылмыш ишин беришкен. Бирок азырынча бир томун да карай элекпиз. Башка да соттук отурумдарга катышкандыктан убакыт жетишпей жатат», — деди адвокат.
Ал белгилегендей бүгүн тергөөчүлөр график түзүү токтомун беришкен. Ага ылайык 28 том менен 11-сентябрга чейин таанышып чыгуу керек.
«Ар бир том 300-400 беттен турат. Жөн гана окуп койбой айыпталуучуну коргоо үчүн анализдеш да керек. Бул кылмыш ишинин мөөнөтү 26-октябрга чейин болгондуктан тергөөчүлөр ар бир томго жок дегенде бир күн берип, таанышуу процессин сентябрдын аягына чейин узартышса жакшы болмок» — деди Замир Жоошев.
КР Кылмыш-жазык кодексинин 244 — беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык шектүү жана анын адвокаттарына иштин материалдары менен таанышууга убакыт чектелбей берилерин белгилеген Жоошев Атамбаев да материалдар менен тааныша электигин айтты.
«Ал материалды барактап койгонго гана үлгүрдү. Бирок тергөөчүлөр токтомго Атамбаев таанышты деп жазышкан. Биз муну тергөөнүн жүзү деп кабыл алабыз» — деди адвокат.
Айтымында Атамбаев Шамил Атаханов жана Аида Салянова менен бетме бет келтирилип суракка алынган.
Алмазбек Атамбаев учурда УКМКнын абагында кармалууда. Ага бир катар оор беренелер боюнча айып тагылган.