Воскресенье, 24 ноября

Америкалык ММКлар мусулмандардын тескери образын жаратууда

0

Америкалык ММКлар мусулмандар тууралуу негативдүү маалыматтарды жарыялашууда. Бул тууралуу АКШнын Вермонт штатындагы Миддлбери-колледжи ММКдагы материалдарга берген баалардын жыйынтыгынан улам белгилүү болду.
Иликтөөчүлөр 2018-жылы The New York Times, The Washington Post, The Wall Street Journal жана USA Today гезиттерине азчылык улуттар жөнүндө жарыяланган макалаларды карап чыгышкан. Материалдар негизинен афроамерикалыктар, азиат тектүү америкалыктар, латын америкалыктар, еврейлер жана мусулмандар темасын камтыган.
Эксперттер жалпысынан 26 626 маалымат материалды карашкан, анын ичинде 9 032си мусулмандар тууралуу болсо, 6 499 – афроамерикалыктар, ал эми 5980 макала еврейлерге тийиштүү. Баа берүүнүн жыйынтыгында бул же тигил материалдардын позитивдүүлүгү же негативдүүлүгүнүн даражасын аныктоочу таблица түзүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз