Суббота, 23 ноября

Израиль Газа секторуна сокку урду

0

Израиль палестиналык топтордун Газа секторунун түндүгүндөгү эки көзөмөлдөө пунктуна сокку урду. Күбөлөрдүн айтымына караганда, сокку түндүк Бейт-Лахия жана Шуджаи районунда жасалган.
Буга дейре израилдик учактар Газа секторунан Израилге карай беш ракета учурулганын жарыялаган. Ракеталык сокку үчүн жоопкерчиликти азырынча бир дагы топ өзүнө ала элек.
6-сентябрда Израиль менен чегарада “Улуу кайтып келүү” акциясы өткөрүлдү, жүрүшүндө ок атышуу болуп эки израилдик жоокер каза таап, 66 жоокер ар кандай жаракат алышкан.
2018-жылдын 30-мартынан тартып он миңдеген палестиналыктар Газа сектору менен Израилдин чегарасында каршылык акцияларын өткөрүп келишет. Алар Газадан курчоонун алынышын жана беш миллион качкындардын мекенине кайтып келүүсүнө шарт түзүү талабын коюшкан. Качкындар 1948-жылдан кийин Израилдин басымынын алдында Палестинадан кетүүгө аргасыз болушкан.
Эки миллиондой палестиналыктар жашаган Газа сектору 2006-жылдан тартып израилдин курчоосуна алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз