Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга жол ачкан стандарттык норманы багындырды.
Тагыраак айтканда Андреева кечээ, 8-сентябрда Астанада өткөн эл аралык марафондо жеңишке жетишти. Олимп оюндарынын эрежесине ылайык жөө күлүктөр марага 2 саат 29 минут 30 секундда келиш керек болсо, Юлия Андреева 2 саат 28 мүнөт 42 секундда кирип келген.
Эскерте кетсек, буга чейин сууда сүзүү боюнча кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Японияда өтө турган оюндарга лицензия алган. Ал эки аралыкта жарышка түшөт.