Каржы министрлиги тараткан маалыматка караганда Кыргызстандын тышкы карызы бир топ азайды.
Андагы сандарга таянсак, 2019-жылдын жети айында өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 453, 99 миллион долларга (310 миллиард 667,54 миллион сом) жетти. Анын 3 миллиард 767, 49 миллион доллары тышкы, ал эми 686, 50 миллион доллары ички карызга кирет.
Жалпысынан 2019-жылы мамлекеттик карыз 28 миллион долларга жакын суммага азайган. Жылдын сегиз айында мамлекеттик карызды тейлөөгө 16, 2 миллиард сом жумшалып, анын 8 миллиард сому тышкы карызга төлөнгөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытай Экспорттук-импорттук банкынан алынган.
25-июнда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда депутаттар Каныбек Иманалиевдин демилгеси менен Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу маалыматты угушкан. Бул маселе боюнча каржы министринин орун басары Алмаз Азимов эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берген. Жыйынтыгында, комитеттин мүчөлөрү өлкөнүн тышкы карызы боюнча жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышкан. Ошондой эле октябрда да депутаттар бул маселеге кайрылып, парламенттик угуу өткөрүүнү чечишкен.