Украинанын Жогорку радасы элдик депутаттардын кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамды экинчи окууда жактырды. Бул туурасында «РБК-Украина» агенттиги жазып чыкты.
Долбоорго ылайык депутаттардын кол тийбестиги 2020-жылдан тартып алынат. Аталган мыйзам мурдагы президент Петр Порошенко тарабынан 2017-жылы катталган.
Ошол учурда Жогорку раданын төрагасы, «Элдин өкүлү» партиясынын лидери Дмитрий Разумков Украина президентинин кол тийбестик укуганан ажыратууну сунуш кылган.
«Депутаттардын кол тийбестигин алуу жетишсиз, мамлекет башчысы жана соттор дагы мындай имунитетке ээ болбошу керек. Мындай эреже мыйзамдын алдында бардыгы бирдей болушу үчүн зарыл», -деген Разумков.