Суббота, 23 ноября

Жылдызкан Жолдошева: Текебаев бийликти көргө жетелейт

0

Өмүрбек Текебаев алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн үчүн үй камагына чыкты. Мындай пикирин экс-депутат Жылдыз Жолдошова билдирди.
Айтымында, Текебаев сыяктуу саясий фигуралар макулдашуусуз абактан чыгарылбайт.
“Дайыма ушундай болуп келген. Текебаев бийлик менен кызматташууга барышы мүмкүндүгүн айтты. Мен Сооронбай Шарипович баамчылдыгын жогото баштаганына кейип жатам. 2012-жылы Атамбаев парламенттик көпчүлүк коалициядан “Ата Журтту” чыгарып, “Ата Мекенди” киргизүүгө камданып жатканда, мен бул нерсе жакшылыкка алып келбешин айтып, президентке эскерткем. “Алмазбек Шаршенович, сиз душманды алыстан издебеңиз, алар сиздин жаныңызда. Текебаев сизди көргө жетелейт”, — дегем. Мен ушул эле сөздү учурдагы президентке айткым келет”, — деди Жылдызкан Жолдошова.
Өмүрбек Текебаев “Элгезит” сайтына берген маегинде бийлик менен кызматташууга даярдыгын билдирген. Саясатчы ошондой эле башка реалдуу саясий күчтөр менен да биригүүдөн баш тартпай турганын белгилеген.
“Юридикалык жана саясий жактан реабилитациялансам, албетте мен өлкөнүн саясий жашоосуна аралашам. Мен реалдуу саясий күчтөр менен анын катарында бийлик менен да кызматташууга даярмын. Кызматташуу макулдашууну, бирдиктүү аракеттерди жана компромиссти туюндурат. Өкмөттүн, парламенттин, же президенттин катачылыгын көрсөтөм. Буга ишенип кое бергиле”, — деген Текебаев.
Өмүрбек Текебаев менен Жылдызкан Жолдошова парламенттин 5-чакырылышындагы эң бир каршылашкан депутаттардан болушканы жалпыга маалым. 2010-жылы Текебаев Жылдызкан Жолдошованы сотко берип, процесс көп жылдарга созулган. Андан кийин Жолдошова “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева менен соттошкон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз