Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк октябрдан тартып берилмей болду. Айдоочулук күбөлүктү чыгаруу боюнча тендерди ишке ашыруу катышуучуларынын биринин нааразычылыгынан улам токтотулган болчу. Учурда анын нааразычылыгы негизсиз деп табылды. Ошондуктан Мамлекеттик каттоо кызматы жеңүүчү менен келишимдин долбоорун макулдашууга өтөт.
Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка караганда, келишимде жеткирүүнүн мөөнөтү каралат. Документке кол коюлгандан кийин дизайн жана техникалык параметрлер байкаштырыла баштайт.
Убактылуу айдоочулук күбөлүк 1-октябрга чейин берилет. Бул мөөнөт аяктагыча жаңы күбөлүктөр даяр болот. Мамлекеттик каттоо кызматы туруктуу күбөлүктөрдү бере баштагандан соң убактылуу документтерди алып жүргөн айдоочулар аларды толук кандуу күбөлүккө алмаштырууга тийиш. Жаңы күбөлүктүн бланкы үчүн акы төлөөгө туура келет. Баасы 100 сомдун тегерегинде. Убактылуу күбөлүк кагазга эле чыгарылгандыктан бекер берилген.
Эске салсак, тендердин жыйынтыгы жарыялангандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү чыгаруу белгисиз убакка токтотулган. Анткени, Mühlbauer ID Services GmbH немец компаниясы тендердик комиссиянын чечимин сотко берген. 6-сентябрда мекемелер аралык көз карандысыз комиссия арызды карап, аны негизсиз деп тапты.