Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Билим берүү жана илим министрлигинин башчылыгына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.
Каныбек Исаковду аталган министрликти жетектөөгө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган. Анын негизинде парламенттик комитеттин кароосуна коюлган.
Эми Исаковдун “тагдырын” эл өкүлдөрү пленардык жыйында чечишет. Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетде көп жылдан бери ректор болуп иштеп келатат. Анын талапкерлиги соцтармактын колдонуучулары тарабынан терс кабыл алынган.