Пятница, 22 ноября

20-сентябрдан тартып гриппке каршы эмдөө башталат

0

Саламаттык сактоо министрлигинин ЭПИД бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева: “20-сентябрдан тартып гриппке каршы эмдөө башталат”-деп билдирди.

Коомчулукта сасык тумоого чалдыккандардын саны кескин өскөнү жөнүндө кеп болууда. Айрым маалыматтарга караганда сасык тумоого кабылгандар көбөйүп, ооруканаларда узун кезек жаралган. Андыктан “Kyrgyz news” сайты Саламаттык сактоо министрлигинин ЭПИД бөлүмүнүн бөлүм башчысы Динагүл Оторбаева менен байланышып, бул тууралуу сурадык.

“Жугуштуу ооруулардын саны былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу, тагыраагы 36-жумада азайганы байкалган. Ал эми өткөн 35-аптага салыштырмалуу сасык тумоого чалдыккандардын саны 5 пайызга көбөйдү. Буга аба ырайынын чукул сууктап кетиши жана вирустук оорулар менен жабыр тарткандардын санынын арбышы себеп болду. Жугуштуу ооруларды дарылоочу республикалык жана аймактык ооруканаларда атайын койкалар даярдалат, бирок азыр эч кандай кезек күтүүлөр болгон жок”, — деди Динагүл Оторбаева.

Ошондой эле ал кечээ Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары менен сүйлөшкөнүн, анын маалыматына ылайык койкалар бош эле турганын белгиледи.

“ Ооругандар көбөйдү, койка жетишпейт деген туура эмес. Негизи сентябрь, октябрь айларынан тартып эле өлкөдө тумоологондордун саны өсөт. Анын үстүнө жай мезгили өтө ысык болуп, анан абанын чукул салкындап кетиши дагы башкы себептерден. Бирок, бул жыл сайын кайталануучу көрүнүш. Кыргызстанда декабрь айында сасык тумоого чалдыккандар кескин көбөйөт”, — деди ал.

Ал эми жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги жасаган иштер боюнча буларга токтолду:

“Министрлик буга жыл башынан бери эле даярданып келет. Биздин мекеме тендер өткөрүп, анын негизинде 150 миң 888 дозадагы вакцина алынып келинди. Эми ошону жер жерлерге таркатканга даярдап жатабыз. Буга ылайык 20-сентябрдан тартып гриппке каршы эмдөө башталат. 65 жаштан жогорку курактагыларга, ден-соолугу боюнча көйгөйү барларга, кары — картаңдарга, медицина кызматкерлерине жана бат-бат ооруган жаш балдарга вакцина акысыз сайылат”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз