Пятница, 22 ноября

Дастан Жумабеков: Жогорку Кеңеш башка бийлик бутактарына үлгү

0

Бүгүн Кыргыз тилинин 30 жылдыгы белгиленүүдө. Иш чарага утурлай Жогорку Кеңеш менен бирге Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы уюштурган илимий конференция өтүп жатат.
Конференция гимнди аткаруу менен старт алды. Алгач сөз алган Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр менен жетишкендиктерге токтолду.
Айтымында Жогорку Кеңештин бардык иш чаралары кыргыз тилинде өткөрүлөт, мындан улам парламент эне тили боюнча башка мамлекеттик бийлик бутактарына үлгү боло алат.
Бүгүн мамлекеттик тилдин азыркы абалы, көйгөйлөрү аны чечүү жолдору талкууланат.
Эскерте кетсек, мамлекеттик тил боюнча мыйзам 1989- жылдын 23 -сентябрында кабыл алынган. Быйыл эне тилибизге 30 жыл толду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз