Пенсионерлерди мүлккө болгон салыктан бошотуу демилгеси өкмөттөн колдоо тапкан жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Пенсионерлерди салыктан бошотуу мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын бири Анвар Артыков нааразычылыгын жашырган жок.
“Эмнеге бизде Кыргызстандын пенсионерлери сөзсүз түрдө кедей жана 80 чарчы метрлик кепеде жашайт деген түшүнүк бар?” – деди Анвар Артыков.
Мыйзам долбоорунда мүлккө болгон салыктан бошотулуучу пенсионерлердин жаш курагы 60 жаштан өйдө көрсөтүлгөн. Ошондой эле жашаган үйүнүн аянты да 80 чарчы метрден көп болушу керек. Өкмөт 60 жаштан ашкан пенсионерлердин 80 чарчы метрлик мүлкү болушу мүмкүн эместигин жана мындай жеңилдик бюджеттин азайышына жол ачаарын белгилеген.
Депутат Анвар Артыков кенен үйлүү, колунда бар пенсионерлер да кездешерин айтып өкмөткө нааразы болду.
“Пенсионерлерге эмнеге туура мамиле жасай албайбыз? Мүмкүн алар өмүр бою акча топтоп 150 чарчы метрлик батир сатып алгандыр. Ал эми эмнеге ал үчүн салык төлөшү керек? Эмнеге пенсионерлер кенен үйдө жашап, неберелерин кабыл ала албашы керек?” – деди Артыков.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкканда коомчулукта ар түрдүү пикирлер пайда болгон. Айрымдар аны аткаминер, депутаттардын өздөрүнө ыңгайлаштырып чыгарган мыйзамы катары кабыл алышкан. Анткени, колунда бар адамдар салыктан качуу максатында көп чарчы метрлүү үй-мүлкүн пенсионер ата-энесине жаздырышы мүмкүндүгү айтылган.