Мамлекет башчысын оор кылмышка айыптоо үчүн ага жараша негиз болушу керек. Бүгүнкү күндө андай негиз жок. Мындай пикирин “Kyrgyz.news” сайтына саясат талдоочу Бакыт Бакетаев билдирди.
Белгилей кетсек, КСДП партиясы башпрокурор Өткүрбек Жамшитовго расмий кайрылуу жолдогонун жарыялаган. Партиядагылардын айтымында, кайрылууда УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаевге, “Альфа” атайын кызматынын жетекчилигине, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге карата Кой-Таш окуясына байланыштуу кылмыш ишин козгоону талап кылышкан. Ошондой эле башпрокурордон отставкага арыз жазуу, президент Сооронбай Жээнбековго мамлекеттик кылмыш жасаганы үчүн айып тагуу талабын да келтиришкен. Ксдпчылар муну менен мамлекет башчысына импичмент жарыялоо процессин баштай тургандыктарын билдиришкен.
“Импичмент жарыялоо өтө тыкыр иликтенип, жүйөлүү себептер коштогон татаал процедура. Мурдагы президенттин тарапташтарынын жүйөсүндө андай кескин себептер жок”, — дейт саясат талдоочу.
Бакыт Бакетаев белгилегендей, Кыргызстандын Конституциясынын 67-беренесине ылайык президент Жогорку Кеңеш тарабынан тагылып, баш прокурордун корутундусу менен тастыкталган айыптын негизинде гана кетет. Айып тагуу жана кызматтан алуу чечими депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен ишке ашат. Демилге депутаттардын үчтөн бир бөлүгү, башкача айтканда кырк депутат тарабынан көтөрүлүшү зарыл. Аны менен катар атайын комиссиянын корутундусу да болууга тийиш.