Пятница, 22 ноября

16сында Таласка барбагандар арманда калат

0

16 -сентябрдан 21-сентябрга чейин Талас облусунда Көчмөндөр оюндары өткөнү турат. Уюштуруучулардын айтымында аталган аймак улуттук оюндарды өткөрүүгө толугу менен даяр.
Маалымдалгандай Таласка келгендер спорттун 10 түрүнүн таймаштарына күбө болушат. Алар ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, эр эңиш, көк бөрү, кыргыз күрөш, алыш күрөш, ордо, тогуз коргоол жана салбуурун. Ошондой эле улуттук майрамга 7 облустун өкүлдөрү өздөрүнүн көрсөтүүлөрү менен келет. Мисалы: Баткен Айгүл гүлү, Нарын Таш-Рабат, Ош Сулайман-Тоо, Талас Манас ордо сыяктуу өзгөчөлүктөрүн тартуулашат.
Мындан тышкары тамак-аш, кийим, боз үй кооздугу боюнча сынактар уюштурулуп, мырзалар менен кыздар арасында боз үй тигүү боюнча мелдеш өткөрүлөт.
Көчмөндөр оюндары улак тартыш менен башталат. Ал эми ачылыш жана жабылуу аземдери болбойт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз