Депутат Эльвира Сурабалдиева балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн алардын коомдук транспорттордо бекер жүрүүсүн камсыз кылыш керек дейт. Мындай пикирин депутат айым Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Билим берүү жана илим министрлигине Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жаткан учурда билдирди.
Ал өнүккөн мамлекеттер окуучулардын транспортун толугу менен чечип берээрин айтып, биз дагы ошол деңгээлге жетебиз деп үмүттөнөбүз деди.
Мындан тышкары мугалимдер бюрократияга баштары менен малынып калганын, отчёт жазуудан ушул кезге чейин арылбай келгендерин, санариптештирүү заманында бул көрүнүштү жоюу керектигин билдирди.