Суббота, 23 ноября

Суусамырдагы абал өкмөттүн көзөмөлүндө

0

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев Суусамыр өрөөнүнүн жашоочулары туш болгон көйгөйгө өкмөттүн көңүлүн бурду.
“Өкмөт атайын комиссия түзүп, Суусамыр өрөөнүнө жааган кардан жабыркаган дыйкан, чабандардын чыгашаларын эсептеп чыгуусу керек”, — деди депутат.
Ал капысынан жааган кар алдында түшүмдөр калып, мал өлгөнүн белгиледи.
“Тургундар түшүмгө ишенип турушкан да. Аны сатып балдарынын окуу акысын төлөйбүз дешкен, а дагы бирөөсүнө насыясын жабуу керек болгон. Өкмөт аларга жардам берүүгө тийиш. Атайын комиссияны тез арада түзүү керек”, — деди Рыспаев.
Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовдун айтымында, министрлер кабинетинин өкүлдөрү Суусамыр өрөөнүнө кетишти. Алар маселени жеринде чечүүгө аракет жасашат.
Суусамырда 8-9-сентябрь күндөрү жааган жамгыр карга айланып, 5000 гектар аянттагы дан эгиндери кар алдында калган. быйыл Суусамырда 6100 гектар жерге арпа айдалган.
Айрым маалыматтарга караганда, жергиликтүү эл райондук администрацияга, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштаган бир катар мекемелерге кайрылып, бирок эч кандай жооп ала алышкан эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз