Бюджеттин дээрлик 5/1 бөлүгү Билим берүү жана илим министрлигине жумшалганы менен ал акчалар кумга суу куйгандай жок болуп кетет. Мындай пикирин ЖК төрагасы Дастан Жумабеков бүгүн, 11-сентябрдагы парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.
Жумабеков республикалык бюджет 151 миллиард сомду түзсө ошонун 30 миллиарды дал ушул Билим берүүгө жумшалаарын, бул өтө чоң акча экенин анткен менен көрүнүктүү жыйынтык болбой жатканын айтты.
“Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүш керек. Ал үчүн өкмөт менен биргеликте жаңы кадамдар жасалышы маанилүү. Премьер — министр сизге ишенип, сизди парламентке сунуш кылып жаткандан кийин ишенимди актоо зарыл. Анткени мамлекеттин келечеги, экономикасы, өсүп-өнүгүшү дал ушул тармактан көз каранды. Сиз Билим берүү жана илим министри болуп бүгүн шайлансаңыз, эртеңден баштап биз иштин жыйынтыгын сурап баштайбыз”-деди төрага.